У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиев Президенттин атын сатып жатат

 
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев министр болгондон бери кадр алмаштыруу менен алек. Анын буга чейинки алешемдиктерин айтпай эле коёлу. Бүгүнкү кылган жоругун айталы. Ысык-Көл райондук ооруканасынын башчысы кылып бир тууган жеңесин дайындаганы жатыптыр. Эмне десе, "Президент макулдук берди"- деп өйдө жакты сөөмөйү менен көрсөтүптүр. Буга чейин Бейшеналиев Ысык-Көл райондук Санэпидемстанция башчысын, "пенсия жашына келдиңиз, эми кетиңиз"- деп кетирип, ордуна иш билбеген бирөөнү койгон эле. Эми райондук оорукана менен үй бүлөлүк дарыгерлер борборун кошуп туруп, башчылыкка пенсия жашындагы, коллектив каалабаган Алдашованы, "Бир тууган жеңем, өзүм билем кимди коюшту, президент Садыр Жапаров макулдук берди"- деп койгону жатыптыр. Минтип отурса Алымкадыр Бейшеналиев медицина тармагын жайга жеткирбей жайлап салат. Ковид күчөп, ансыз да элдин айласы кетип турганда жеке кызыкчылыгын ойлобой 3-толкунга кам көрсө болмок. Президенттин атын сатып дагы канчага бараар экен...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter