У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мугалимдер үчүн видеосабак сынагы жарыяланды


Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режиминен улам мектеп, бала-бакчалар, жогорку окуу жайлары карантинде. Бул убакытты текке кетирбей, балдарды билимден алыстатпоо максатында КР Билим берүү жана илим министрлиги  “Cанарип педагогика” деген аталышта эң мыкты видеосабакка республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу министрлик маалымат таратты. 

Маалыматка ылайык, сынактын максаты – таланттуу жана жөндөмдүү мугалимдердин эмгегин, чыгармачыл изденүүсүн баалап, жаңы мезгилдеги алдыңкы педагогдорду коомчулукка көрсөтүп, алардын тажрыйбасын, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын сунуштап, топтоп жана жайылтып, маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенциясын жогорулатуу.

Сынак үч этап менен өткөрүлөт. Биринчиси 26-марттан 2-апрелге чейин, экинчиси 2-30-апрелде жана үчүнчүсү 30-апрелден 18-майга чейин.
Конкурска менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери өз алдынча катыша алат. Видеосабактар кыргыз жана орус тилинде болушу керек. Программага ылайык, ырааттуу, ар бир сабагы 25 мүнөттөн ашпаган, бештен кем эмес видеосабак жөнөтүшү шарт.

1-орунга 50 000 сом, 2-орунга 40 000 сом, 3-орунга 30 000 сом каралууда. Мындан сырткары катышкандыгы үчүн 10 000 сомдон үч сыйлык жана башка кызыктыруучу сыйлыктар, жолдомолор берилет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter