У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Украинада мектеп, бала-бакча, окуу жайлары жабылды. Кыргызстанда да сунушталууда


Коронавируска байланыштуу Украина мектеп, бала-бакча, окуу жайларды 12-марттан тарта 1 айга жапты. Мындай чечимди Украина  өкмөтү чыгарды. Расмий маалыматтарга караганда өлкөдө бир гана оорулуу катталды. Мындан сырткары 5 адам карантинде. Оорунун алдын алуу максатында массалык иш-чараларга тыюу салынды.

Ал эми Кыргызстанда да мектептерди бир айга жабуу сунушун Жогорку Кеңештин депутаты  Тазабек Икрамов  сунуштады.

"Жалпы билим берүү системасын, мектептерди, жогорку окуу жайларын бир айга — 15-марттан 15-апрелге чейин жабууну сунуштайт элем. Ушул аралыкта окубай калган программага жетиш үчүн июнь айына чейин узартып койсо болот эле», — дейт депутат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter