У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акындарга кулак кагыш! Кыргыз милициясынын образын ачкан ырларга сынак жарыяланды



Быйыл 1-ноябрда КРнын ички иштер органдарынын уюшулгандыгына 96 жыл толот. Кылымга тете тарыхы бар кыргыз милициясынын мааракесинин урматына  Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги “Бир ырдын сынагы” конкурсун жарыялады. 

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте милициянын жагымдуу образын ачып, анын тарткан түйшүгүн, жасап жаткан эмгегин, коомдогу ордун көркөм чагылдыра алган чыгарма жараткандарга сынак жарыяланып, сыйлыктар берилет.

Сынакка жиберилген ырлардын көлөмү стандарттуу (4 саптык) формада жана алты куплеттен ашпаган, уйкаштыгы, көркөмдүгү, ыргагы адабий талаптарга төп келген, милициянын ишин, турмушун жана милиционердин күжүрмөн образын чагылдырган, мурда эч жерде жарыяланбаган, эл алдында ырдалбаган, ушул сынакка арналып жаңы жазылган чыгарма болушу керек. Эгерде чыгарма ыр түрүндө жазылган болсо, саптары алты куплет ырдын көлөмүнөн ашпашы шарт.

Сынакка жаш курагы боюнча чектөөлөр жок. Ырдын тексттери 12-шрифт менен терилип, ө, ү, ң, тамгалары кыргызча жазылышы керек. Сынакка жиберилген чыгармалар 2020-жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынат да жыйынтыгы 7-ноябрда чыгарылып, жеңүүчүлөргө байгелүү сыйлыктар тапшырылат. Чыгармаларды тандоодо акыйкаттык болушу үчүн 9 адамдан турган калыстар тобу дайындалат. Алардын төртөө Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунан, бешөө ИИМдин кызматкерлеринен болмокчу.










Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter