У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алып баруучу Улукман Атабеков алгачкы автордук телеберүүсүн эл сынына коюуда



Таланттуу алып баруучу Улукман Атабеков алгачкы автордук теледолбоорун ишке ашырып, кубанычы койнуна батпай турган чагы. Кубанычына ортоктош болуп, дил маек курдук.


  • Улукман, алгачкы автордук долбооруң жөнүндө кеп кылсак...Идея качан жаралып, качан ишке ашты?
  • Жазды утурлай жакшы жаңылыгым менен тең бөлүшүп турганыма кубанычтамын. Бул “NazarNews” телеканалынан чыгып жаткан “Эл назары” аттуу автордук көрсөтүүм. Жакынкы күндөрү сыналгы аркылуу дагы көрүүчүлөрүбүзгө өз ишмердүүлүгүбүздү тартуулайбыз деп турабыз. Бул көрсөтүүнүн идеясы көптөн бери эле көкүрөк көөдөнүмдө жашап келген. Бир мүмкүнчүлүк болсо элдин назарында жүргөн ар тараптуу инсандар менен кызматташсам деген тилегим бар эле. Эл адамдарын элге жакындатып, ортого алтын көпүрө болуудан өткөн бакыт жоктур. Идея ичимден бышып жетилди окшойт. Долбоорду кагаз бетине түшүрүп, аталган мекеменин жетекчиси Гүлжан Шерипбаевага сунуштадым. Албетте биздин пикир бир жерде чыкты. “Эл назары” аттуу көрсөтүүбүз калың элдин назарына тартуулана баштады.

  • Долбоордун максаты, коноктору, жүрүшү жөнүндө айтсаң?
  • Жакшы суроо. Көрсөтүүбүздүн бирден бир максаты эл менен бирге ийгиликтүү иш алып баруу болуп саналат. Убактысы бир сааттык. Кийинки мезгилде алты жаштан алтымыш жашка чейинки замандаштарыбыздын баары эле саясатка сүңгүп кеткендей сезилет. Аны мен өзүмдүн үй-бүлөмдөн дагы байкадым. Адамдардын жакшы жагын көргүбүз келбей калды. Коом үчүн жасап жаткан алгылыктуу иштерин айтпай калдык. Жаман-жаман дей берсек өсүүгө жолду кайдан табабыз деген ой келди. Мына ушул долбоор аркылуу маданият өкүлдөрүнүн, агартуучу мугалимдердин, саламаттыгыбызга кам көргөн дарыгерлердин, спортчулардын аброюн көтөрүүгө аз да болсо салым кошкум келди. Дегеле кайсыл кесипти аркалабасын, эң башкысы эли-жери  үчүн ак кызматын аркалап, ишинен жыйынтык көрсөтүп жаткан инсандар менен эмнеге мактанууга болбосун. Көрүнүктүү инсандарды көрсөтүүбүзгө чакырып, алардын инсандык бейнесин, кесипкөй ишмердүүлүгүн, табиятынан калыптанган талантын чагылдырууга кызыктарбыз. Бул көрсөтүү элдин көңүл борборунда болуп, элге жакын кызмат кылса деген тилегим бар.

  • Телевидение, радио тармагында иштеп келесиң, бул чөйрөгө алгачкы  кадам койгон  кезиңди эске салгым келип жатат...
  • Ж. Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинде 2-курста билим алып жаткан учурда ушул багытка устатым, Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, проффесор Рахат Токтогуловна шыктандырды. Эженин педагогдук чеберчилигин өтө баалайм. Билим алып жүргөн кезимде эле Республикалык “Мугалим” журналына кыскача макалаларды жазып, жарыкка чыгарып жүрдүм. Журналисттик, алып баруучулук кесибимдин башаты ошол жактан башталды десем жанылышпайм. Ал эми КТРКнын “Кыргыз радиосуна” алып баруучуларга сынак болуп жатканын сыналгыдан көрүп калдым. Бул мен үчүн өтө чоң мүмкүнчүлүк эле. Дароо өзүмдү сынап көрүүнү туура көрдүм. Кийин сынактан өтүп, кыргыз элине кылымга тете кызматы бар “Кыргыз радиосуна” кызматкер катары кабыл алынганымды укканда ушунчалык сүйүнгөм. 

  • Ошол күндөн тарта бүгүнкү күнгө чейин алтынга алмашкыс алтын казынасы бар, чыныгы кыргыз тарыхын, маданиятын тааныткан чоң мектепте тарбияланып, такшалып келе жатабыз. Залкарлар баскан из менен басуу бакыты баарына эле буюра бербесе керек. Руханий көрөңгөбүздү байытууга, дүйнө таанымды арттырууга Кыргыз радиосунун, анда эмгектенген кесиптеш устаттарыбыздын салымы нар көтөргүс. 

  • Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы
 
      


Пикир калтыруу
  • Khgchf
  • 26-11-2022, 22:06
  • : 22:06
    • Нравится
    • 0
levaquin 250mg without prescription order levofloxacin 500mg for sale
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter