Депутаттыкка талапкерлер чай берген. Аксыда аракка ууланып 7 адам каза болгонбу?
- 04.03.2021, 10:53,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
"Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагында 20 адам спиртке ууланып, 7 адам каза болду", - деп жергиликтүү тургун билдирген.
Ал эми милициядан уулануудан 7 эмес, 2 адам каза болду деп билдиришүүдө. Айылдыктардын айтымында айылдык кеңешке талапкерлигин койгон адам чай бергенден кийин массалык уулануу болгон.
Чуулгандуу окуя боюнча боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымат берди.
"Аксы районундагы аймактык ооруканага ууланган 4 адам кайрылып, анын үчөө каза болгон. Бир бейтап терапия бөлүмүндө жатат, орто оор деп бааланууда", - дешти маалымат кызматынан.
Жалал-Абад ОИИБи факты катталганын, уулануунун кесепетинен 3 адам каза болгонун ырасташты. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдиришти.