У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Сууда 60 жылдыкты белгилөөдө ууланган бир бейтаптын абалы оор


Ош облусунун Кара-Суу районунда 60 жылдык юбилейлик кечеден кийин массалык уулануу болгон. Анын кесепетинен 2 аял каза болуп, дагы 12 адам ооруканага кайрылган.

Бүгүн, 24-мартка карата Кара-Суу райондук аймактык ооруканасында жаткан бейтаптардын ичинен бирөө дарылануусун улантууда. Мындай маалымат санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу оорулар башкармалыгынын жетекчиси тарабынан белгилүү болду.

"Ооруканада дарыланып жаткан 12 бейтаптын ичинен сегизи 20-мартта, үчөө 22-мартта үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми бир бейтаптын абалы оор деп бааланып, дарылануусун улантууда.
Эпидемиологиялык териштирүү иштеринин алкагында, бейтаптар тамак-ашка ууланганы аныкталды. Лабораторияга жөнөтүлгөн тамак-аштардан ботулизм таякчасы чыкты", - дешти мекемеден.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter