Казакстанда коронавирустан бир адам көз жумду
- 26.03.2020, 22:36,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Казакстанда коронавирустан бир аял каза болду. Бул туурасында 26-мартта кечинде Маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев билдирди.
Коӊшу мамлекетте вирус жуктуруп алгандардын саны 109 адамга жетти. Төрт адамдын абалы оор.
Илдеттин жайлып жатканына байланыштуу 28-марттан тартып Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында карантин чаралары күчөтүлөт. Карантин учурунда шаар тургундарына азык-түлүк, дары-дармек алууга жана жумушка барып келүүгө гана уруксат берилет. Коомдук транспорттун жүрүшү чектелет. Үч кишиден ашуун жолуугуга тыюу салынат.