Алматыда коронавирус жуктурган адамдын үйү курчоого алынды
19.03.2020, 11:14,
Коом / Жаңылыктар
0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ал үй карантинине алынган. Vласть интернет журналы шаар акиминин орун басары Ержан Бабакумаровго шилтеме кылып, илдеттин башкаларга жугуу тобокелдиги жогору болгондуктан, үй курчоого алынганын жазды. 19-марттан тарта Алматы жана Нур-Султан шаарларында коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин күчүнө кирди. Карантин маалында азык-түлүк сатылбаган базарлар, соода үйлөрү жана көңүл ачуу жайлары убактылуу ишин токтотот деп күтүлүүдө. Мындан тышкары бийлик 22-марттан тарта аба жана темир жол байланыштарын да толук токтотууга ниеттенип жатат. Казакстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алган адамдардын саны 36га жетти. Алардын сегизи Нур-Султанда, дагы сегизи Алматыда катталган. Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 218 миңден ашып, каза болгондор тогуз миңге жакындап калды. Илдеттен 84 миң киши айыкты.