Бишкектин Ак-Босого жана Арча-Бешик конуштарына канализация курулат
- 17.04.2021, 10:16,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкектин Ак-Босого жана Арча-Бешик конуштарына канализация тартуу үчүн инженердик тармактарды курууга сынак жарыяланды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Ак-Босого конушунда Архитектор көчөсүндө Чүй-15 көчөсүнөн жаңы конуштун батыш тарабынын аягына чейин канализация тартуу пландалууда. Жумуштун сметалык баасы 387 миң сомду түзөт.
"
Арча-Бешик конушунда асфальт төшөө иштери Арча-Бешик, Набережная көчөлөрүндө жүргүзүлүп, жумуштун баштапкы баасы 16 миллион 678 миң 500 сомду түздү", - деп жазылат мекеменин маалыматында.