У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


122 миллион сомдон ашык. Алтын-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушуна тендер жарыяланды


Бишкектин Алтын-Ордо конушунда жаңы мектептин курулуш иштерине байланыштуу тендер жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Билдирүүдө жазылгандай, жаңы салына турган мектеп Алтын-Ордо-14 көчөсүндө жайгашкан.

"Жаңы билим берүү мекемеси 480 орунга ылайыкталган. Долбоордун сметасы жана документ иштери аягына чыкты. Тендер Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында өтөт.
Курулуш иштеринин алгачкы сметасы 122 миллион 566 миң 569 сомду түздү. Чыгымдар шаардык бюджеттен каржыланат", - деп жазылат маалыматта. 





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter