У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШда өспүрүм бала коронавирустан каза болду

АКШда 18 жашка чыга элек өспүрүм баланын коронавирустан каза болгонун Лос- Анджелестин Саламаттыкты сактоо боюнча коомдук департаментинин жетекчиси, врач Барбара Феррер The Hollywood Reporter маалымат каражатына билдирген. 

«18 жашка чыга элек өспүрүмдүн каза болгону бизди өкүндүрөт. Вирус жаш тандабайт экенин көрсөттү»- деп айтты дарыгер Барбара. 
 
Акыркы маалыматка ылайык, АКШда 55 231 адам вирус жуктуруп алгандыгы катталган. Анын ичинен 801 адам каза таап, 354 адам айыккан. 
Ал эми дүйнөдө вирус жуктургандардын саны 423 миӊ адамга жетип, 18,9 миӊ адам каза болуп, 108,6 миӊ адам айыккан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter