У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Обсервацияга коргонбой эле кирем деген чиновник дарыгерди опузалоодо


Обсервацияга вирустан коргой турган тиешелүү кийими жок келген Саламаттыкты сактоо министрлигин өкүлдөрүн киргизбей койгон дарыгер Бахтияр Апсаматов менен алып баруучу Ассоль Молдокматова байлынышып, өзүнүн баракчасы аркылуу сүйөшүүнү жарыялады. Маалыматка ылайык, дарыгерди расмий түрдө иштен алышпаганы маалым болду. Бирок коргонбой эле обсервацияга кире берем деген министрликтин өкүлү дарыгерди мурдагыдан да күчтүүрөөк опузалап, интернетке жайылып кеткен маалымат үчүн күнөөлөгөн. Бахтияр Апсаматов сүйлөшүү учурунда интернетке тараган маалыматтан да күчтүүрөөк опузалоо болгонун айткан.

"Мага бир нече жолу эмнеге мындай кыласың деп кыйкырды. Биринчиден мен маалыматты интернетке чыгарган жокмун, аны башка адамдар чыгарды дедим. Ал андан бетер ачуулана баштаганда сиз менен сүйлөшпөйм деп басып кеттим. Мени азырынча министрликке чакырыша элек. Бирок иштен алышпаптыр, мага ошентип айтышты. Азыр үйдөмүн, үйгө кетиришкен",- деди дарыгер.

Эске салсак, дарыгер коркунучтуу оору менен ооруп жаткандардын үстүнө коргонуучу кийимсиз кирүүгө болбойт деп дарыгердик милдетин аткаргандыгы үчүн жеме угуп жатат. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter