У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түркиядан кайтып келген шайыр апаларды эл тилдеп жатат...


(Сүрөт интернеттен алынды)

Кыргыз маданиятын таанытабыз деп "Апалар аалам кыдырат" долбоорунун алкагында алтымыштан ашуун «Шайыр апалар»  Түркия мамлекетине барып, кооптуу кырдаал башталганда мекенине кайта албай бир топ убара болушту. Алар "Кыргызстанга алып кеткиле" деп бийлик өкүлдөрүнө видео кайрылуу да жолдошкон. Бактыга жараша 60 апа 25-мартка караган түнү аман-эсен мекенине кайтып келишти. Алар менен кошо коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам келе албай жаткан 190 кыргызстандык кошо келди. Бардыгы тиешелүү текшерүүдөн өтүп, обсервацияга жаткырылды.

Мекенине кайтып келген энелерди социалдык тармактардын колдонуучулары кызуу талкууга алып, "карыганда шайыр болбой эле коюшпайбы", "булардын шайырдыгын ким угат?", "небере багып үйдө болсоңор болбойбу", "дүйнөнү вирус каптап жатса эмнеге бардыңар?" деген сыяктуу ачуу сөздөр менен тилдеп жаткан убагы.

Кандай болгон күндө да бардыгы аман-эсен мекенине келгенине шүгүр кылалы, эч кимисинен жаман дарттын белгилери аныкталбасын деп тилейли.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter