У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус Түркияда да катталды


Короновирус эми Түркия мамлекетине жетти. Бул тууралуу "Sabah" гезити жазып чыкты. Оору жугузган жаран Европа өлкөлөрүндө болуп келген.  Жугуштуу вирус 11-мартта Монголияда да катталганы маалым болду. Учурда короновирус катталган өлкөлөр 120дан ашты. Кытайда болсо абал турукташып, вирустун жайылышы басаңдап калды. Бирок башка өлкөлөрдө курч болуп жаткан убагы. Орусияда болсо 20дан ашуун адам ооруп жатат. Дүйнөгө негизинен Япониядагы круиздик лайнерден өз мамлекеттерине алынып келгендерден тарады дешет эксперттер.

Эске салсак, аталган лайнерде кыргызстандык жаран да оору жуктуруп алып, дарылангандан кийин Кыргызстанга кайтып келди. Колунда "саламаттыгы сак" деген маалым каты менен келген. Ага карабай Кыргызстандан тиешелүү анализдер алынып, бактыга жараша оору аныкталган жок деген маалымат тарады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter