У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сабырбек Жумабеков: “Аселди күйөөсү ооруканадан чыгарып кеткенине он күндөй болуп калды”


Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков ырчы Асел Кадырбекованын учурдагы абалы тууралуу айтты. 
 
"Күйөөсү ооруканадан чыгарып кеткенине он күндөй болуп калды. Акырегине операция жасалган. Өзү басып, тамак ичип, сүйлөп, абалы алда канча жакшырып калган. Учурда ден соолугун калыбына келтирүү процесси болуп жатат", — деди Жумабеков.
 
Эске сала кетсек, 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан.  Анын кесепетинен Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган. Анын баш мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып, жандандыруу бөлүмүнө түшуп калган. 
            


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter