У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Норвегия коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын расмий жарыялады


Норвегия коронавирус илдетинин үчүнчү толкуну башталганын расмий жар салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Жазылган маалыматка караганда, акыркы сутка ичинде 1 миң 156 адамда аталган илдет аныкталса, алардын ичинен 495и Норвегиянын борбору Осла шаарында болгон.

"Коронавирустун эң жугуштуу түрү менен жабыркагандар өзгөчө Осла шаарында көп катталып жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан Осла, Викен жана башка аймактарга катуу чараларды киргизүү керек", - деген Норвегиянын саламаттыкты сактоо министри Бента Хёйе.
Ошондой эле министр абал оңолбосо, улуттук деңгээлдеги катаал чаралар киргизилерин кошумчалаган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter