У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов: «Коронавирустун экинчи толкуну болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт»

Акыркы күндөрү өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны аз катталып, айыккандар көбөйүп жатат. Бирок бул ооруну толугу менен жеӊдик дегенди билдирбейт. Абал дагы да болсо оор. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 5-июлдагы брифинг учурунда билдирди.  
 
«Пандемиянын кесепетинен экономиканын бардык тармактары жабыркады. Өкмөттүн максималдуу аракеттери бүт бойдон коронавирус инфекция менен күрөшүүгө жумшалды. Ырас, акыркы күндөрү ооругандардын саны азайып, айыккандар көбөйүүдө. Бул абдан жакшы көрүнүш. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстанда жаӊы катталган учурлардын көрсөткүчү 39,8 пайызга төмөндөдү. Бирок коронавирус илдетинин экинчи толкуну болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Дүйнө жүзүндөгү коронавирус илдетинин экинчи толкуну менен күрөшүп жаткан өлкөлөрдүн абалынан байкоого болот. Биз бардык санитардык нормаларды сактап, тиешелүү чараларды көрбөсөк  абал кайра оорлошуп кетиши мүмкүн»-деди өкмөт башчы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter