У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Премьер-министр: "1-сентябрда мектепке 1-класстар гана барышат"


1-сентябрда 1-класска баруучу 156 миң окуучуга менчиктин түрүнө карабастан мектептердин эшиги ачылат. Ал эми калган класстардын бардыгы онлайн режимде окутулат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында билдирди.

"Быйылкы окуу жылы кандай өтөт деп элибиз күтүп жатат. Буга чейин министрлик бир нече варианттарды сунуштаган. Биринчиден, президент Сооронбай Жээнбеков баса белгилеп кеткендей, мектепке барам деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан кичинекей балдарыбыздын тилектерин ишке ашырышыбыз керек. Биз да толук колдойбуз: 1-класстын 156 миң окуучусуна 100 пайыз мектептердин эшиктери ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы өзүнүн жаш курагында калыптанышы абдан маанилүү. Ошол эле учурда экинчи жагынан анын эпидемиологиялык кырдаалдын шарттары эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын", - деп билдирди Кубатбек Боронов.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter