Жалал-Абад шаарына кирүүгө тыюу салынды...
- 21.03.2020, 13:31,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Кырдаал курчуп баратат. Таажылуу вирустун запкысын жегендер көбөйө баштагынан улам Жалал-Абад шаарына кирүүгө жана чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу шаардын мэри Мураталы Тагаев маалымат жыйынында билдирди. "Шаардын кире беришиндеги 3 жерге блокпосттор коюлду. Бүгүнтөн тарта коомдук транспорттор токтотулуп, базарлар, соода борборлору жабылды. Зарыл иши болбогон жарандар шаарга киргизилбейт", - дейт шаар башчысы.