"Баласын куткарам деп". Таласта эне бала сууга чөгүп кетишти
- 15.02.2021, 10:16,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Талас облусунун Арал айылында сууга чөгүп бараткан үч жашар баласын куткарам деп апасы дагы көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, каргаша кечээ, 14-февраль күнү, болгон.
Каза болгон келин 25 жашта экени айтылды. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, келиндин сөөгүн суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал эми баланын сөөгүн атасы алып чыккан.