Сузак району карантинге алынды
- 18.03.2020, 11:50,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Коронавирусту жуктуруп алган 3 адам Умра сапарынан келери менен карантинге алынбай, жакындары менен каалагандай учурашып, келип- кеткендер көп болгондугуна байланыштуу Сузак аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Вирус жуктуруп алгандар Благовещенка жана Бостон айлынан болгондуктан, аталган эки айылдын тургундарына бири- биринин үйүнө каттоого жана Сузак районуна кирип- чыгууга чектөө киргизилди.
Район боюнча тойлорду өткөрүүгө жана массалык топтолууларга да тыюу салынды.
Коронавируска кабылган үч адам менен байланышта болгон 90дон ашуун адам обсервацияга жаткырылды.