У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Төрөт үйүнө жете албай келиндин төрөтүн инспекторлор кабыл алышты


Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору төрөт үйүнө жете албай калган аялдын төрөтүн кабыл алганы тууралуу маалымат тарады. 

Маалыматка ылайык, 15-январь күнү болжол менен түнкү саат 03:00 чамасында кызматкерлер Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы стационардык постто нөөмөттө турушкан. Аларга Урмат аттуу жигит кайрылып, төрөт үйүнө жетпей калганын, машинада аялынын толгоосу башталганын айтып жардам сураган.

"Инспекторлор келинди унаанын ичинде төрөтүп, андан соң патрулдук машинанын коштоосунда Чүй облустук ооруканасына барышкан. Аман-эсен көз жарган келин жана анын жолдошу жардам бергени үчүн инспекторлорго ыраазычылык билдиришкен. Учурда эне-баланын саламаттыгы жакшы жана төрөт үйүнөн чыгарылды",- деп жазылат маалыматта.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter