У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Төрөтканалар кабыл албай койгон келиндин курсагындагы түйүлдүк мурда эле кыймылдабай калган дешүүдө


Бир нече күн мурун социалдык тармактарга Бишкекте төрөтканалар кош бойлуу келинди кабыл алуудан баш тартканы тууралуу маалыматтар тараган. Келиндин курсагындагы түйүлдүктүн чарчап калгандыгы да айтылып жаткан. Бул окуя  Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан изилдөөгө алынып, келиндин наристеси чындап эле курсактагы кезинде чарчап калганын тастыкталды. Тактап айтканда министрликтин башкы гинекологу Раиса Асылбашеванын  айтымында келин курсагындагы түйүлдүк кыймылдабай калганын байкаса деле төрөтканага кайрылбай жүрө берген:

"Бала 27-28 жумалык мөөнөттө, өлүү төрөлдү. Келиндин айтуусунда, ымыркай курсагында андан мурда эле кыймылдабай калган. Бул жерде дарыгерлердин да, келиндин да күнөөсү бар. Келин курсагындагы түйүлдүк кыймылдабай калганда да дарыгерге кайрылган эмес. 11-майда үйүнөн "Тез жардам" чакырган. "Тез жардам" келинди №4 төрөтканага алып барган. Алар "мөөнөтүң жетпейт" деп кабыл албай, гинекология борборуна жиберген. Гинекология келиндин кош бойлуулугун мөөнөтүн кайра санап, №1 төрөтканага жиберген. Алар кайра 4-төрөтканага жөнөтүшкөн. Ошентип, перинаталдык борбордо бала өлүү төрөлдү. Ал эми эненин абалы жакшы, анын дагы үч баласы бар экен", - деди Раиса Асылбашева.

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, маалыматтардын айрымдарын тастыкаган. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, буга байланыштуу борбор калаадагы перинаталдык борбордун, №1 төрөт үйүнүн, шаардык гинекология ооруканасынын жана №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилигине тийиштүү чаралар көрүлмөкчү. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter