У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек – Ош жолуна чектөө киргизилип, бардык унаалар текшерүүдөн өтүүдө


Бишкек – Ош жолуна унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Мындай кадамга барууга Ала-Бел ашуусуна калың кар түшкөнү себеп болууда. Жол инспекторлору коопсуздукту сактоо максатында "Арал" постунан жүк ташыган унааларды өткөрбөй жатат.

Мындан сырткары, жеңил унаалар дагы токтотулуп, дөңгөлөк үчүн чынжырлардын бар-жогу текшерилүүдө. ОЖКККБдан кабарлашкандай, жол чарба кызматтары трассаны тазалап жатат.

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы дагы айдоочуларды Төө-Ашуу, Бишкек – Ош жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда сак болууга чакырды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter