У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алыскы Ак-Кыя айылынын бала бакчасынын кызматкерлери балдарды үймө-үй кыдырып куттукташты


Ак-талаа районунун Көк-Жар (Ак-Кыя) айыл өкмөтүнө караштуу балдар балдар бакчасынын кызматкерлери пандемия шартына байланыштуу балдарды үймө-үй кыдырып куттукташты. 

"Жаңы-жыл балдардын жыл бою эңсеп күткөн жагымдуу майрамы эмеспи. Быйыл пандемиянын запкысынан канчалаган бөбөктөр үйлөрүнөн чыкпай, сүйүктүү бакчасына бара албай калышты. Бирок алардын кыялындагы майрам баары бир өтүшү керек, балдар бакчага келбесе, биз балдарга барып майрам тартуулайбыз деп, айылды кыдырып, балдарды куттуктадык" дейт алар.


Бакчанын кызматкерлеринин чыгармачылыгына, аракетине айыл эли жакшы баасын берип, ыраазычылык билдиргенин кошумчалашты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter