У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кызматкерлерден COVID-19 аныкталып, Бишкекте 2 бала бакча ишин токтотту


Бишкек шаарында эки бала бакчанын кызматкерлеринен COVID-19 аныкталып, мекеме убактылуу жабылды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда Свердлов районундагы №35 бала бакчанын бир кызматкери коронавируска кабылып, учурда дарыланууда. Андан сырткары Ленин районундагы №37 бала бакчанын эки кызматкерине да аталган инфекция жуккан.


Ошондой эле Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн эки кызматкеринен дагы COVID-19 табылганы айтылат. Кырдаалга байланыштуу мэрия дары бир ирет шаардыктарды үйдө болууга жана 1840 жана 1850 номери аркылуу муниципалитеттин Call-борборуна кайрылууга чакырды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter