Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Көк-Жар айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери социалдык объектилерди, дүкөндөрдү, мектеп, бала-бакчаларды дезинфекциялап жатышат. Бул тууралуу айыл өкмөттүн катчысы Белеков Алмаз маалымдады. Анын айтымында дезинфекциялоо иштерине жергиликтүү өкмөттүн кызматкерлери жана аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери тартылган. Элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тазалыкты сактоо жана жеке гигиенаны туура колдонуу жөнүндө маалыматтар берилүүдө.