У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Новиков Бишкектеги ыштын алдын алуу үчүн ЖЭБди газга өткөрүү сунушун айтты


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Бишкек шаарындагы экологиялык абал боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында Бишкектеги абалдын кескин начарлашы, ышка оронгон шаардыктардын нааразычылыгы тууралуу сөз болду. Мындан улам Новиков ЖЭБди газга өткөрүү сунушун киргизди. 

"Белгилүү маалыматтар боюнча, абадагы зыяндуу заттардын 20 пайызы Бишкек ЖЭБине туура келет. Так санды эч ким айтып бере албайт. Ошол эле учурда былтыр күз-кыш мезгилинде ташылып келинген көмүрдүн сапатынын талапка жооп бербегендиги үчүн санкциялар 14 миллион сомду түзсө, быйыл үч айда ал 68 миллион сомго жетти. Мунун бардыгын борбордук ЖЭБ жагууда. Тийиштүү органдардын өкүлдөрүнө ыкчам тартипте Бишкек ЖЭБди газга өткөрүү мүмкүндүгү боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү аткаруусун тапшырам. Эгерде көмүргө жана газга карата чыгымдар салыштырмалуу бирдей болсо, анда бул маселени тез арада чечүү керек", — деген өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter