У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Новиков «Эркечтам» өткөрүү жайынын иши менен таанышып, айрым кемчиликтерди сынга алды


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Ош облусундагы иш сапарынын алкагында «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутуму менен таанышып, анын бир катар кемчиликтерин белгиледи. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Жүк декларациясын толтурууда адам фактору толугу менен алынып салынышы керек. Бул мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат", - деди Артём Новиков.

Ошондой эле салмак габариттик башкаруу тутумдарынын жана текшерүү комплексинин ишиндеги кемчиликтер да белгиленди.

"Учурда маалыматтык тутумдун ар бир тутуму автономдуу иш алып барып, бирдиктүү концепция жок. Жүктүн декларациясына кол менен түзөтүү киргизүүсүз маалыматтардын электрондук базасы түзүлүшү керек, ал тутум милдеттүү түрдө салмак көзөмөл жана инспекциялык-текшерүү комплексине тутумдаштырылышы зарыл. Мамлекеттик чек ара аркылуу автотранспорт каражаттарынын өтүүсүн фиксациялаган камераларды орнотуу жетишсиз, алынган маалыматтарды талдоочу, маалыматтардагы айырмачылыктарды жана тобокелдиктерди көрсөтүүчү платформа керек", - дейт Новиков.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter