У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Артем Новиков: «Азык-түлүккө болгон бааны жөнгө салууга мүмкүн болбой жатат»


Күнүмдүк керектелүүчү азыктардын ички рыноктогу баасын толук турукташтырууну камсыз кылуу зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди. 
 
«Бир айдан бери биз күнүмдүк керектелүүчү азыктардын кымбатташын ооздуктоо боюнча иш жүргүздүк, бирок кырдаалды турукташтыруу мүмкүн болбой жатат. Баа саясатына мониторинг жүргүзүү боюнча берилген тапшырмалардын, товарларды дүңүнөн сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жарманкелерди уюштуруу боюнча аткарылган иштердин негизинде акыркы жумаларда баалардын дагы жогорулап кетишинин алдын алууга мүмкүндүк болду, бирок бул тийиштүү деңгээлде натыйжалуу боло алган жок. 
 
Баалар боюнча жүргүзүлгөн талдоо социалдык жактан маанилүү азык-түлүк наркына карата аймактар ортосунда олуттуу ажырым бар экенин көрсөттү. Логистикалык чыгымдар бар экени түшүнүктүү, бирок анчалык деле чоң эмес. Мисалы, доллардын курсу жогору, бирок акыркы айларда туруктуу болууда. Баалардын мындай көтөрүлүшүнүн себеби эмнеде?! Азык-түлүк коопсуздугун жана баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жыйындысыян кабыл алуу керек», - деп белгиледи Артем Новиков.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter