У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өгөй атасы сабап, өз апасы баш тарткан бөбөктүн жактоочусу Башкы прокуратрага арыз жазды


Сокулукта өгөй атасы катуу сабаган, кийин тергөө иштери башталганда күйөөсүн жоопкерчиликке тартуудан баш тартып өз баласынан баш таткан аялдын уулу  6 жашар Рамазандын жактоочусу Шердор Абдыкапаров Башкы прокуратурага Сокулук РИИБинин жетекчилигине карата арыз жазды. Бул тууралуу жактоочу өзү маалымат булактарына кабарлады.
 
Ал  Сокулук РИИБинин тергөөчүлөрүнө жана Социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчилигине карата чара көрүүсүн талап кылууда.

"Негизи Рамазан 17-ноябрда сабалган. Милиция кызматкерлерине саат 24:00 чамасында кайрылышкан. Бирок эч кандай реакция болгон эмес. Эртең менен баланы №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасына алып барышкан. Дарыгерлер баланын абалын көрүп, милиция чакыртышкан. Алар бул ишти Сокулук РИИБине өткөрүп беришкен. Бирок буга эч ким реакция кылган жок, билдирүүгө алты күн бою көңүл бурулбай, көз жаздымда калды. Биз жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылгандан кийин гана алар "ойгонуп", ишти оор берене менен кайрадан квалификациялашты. Ошондон кийин гана социалдык коргоо кошула баштады", - деп билдирди жактоочу.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter