Чүйдүн Сокулук районунда 6 жашар өгөй баласын сабаган атанын иши сотко өттү.
- 01.12.2020, 14:51,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чүйдүн Сокулук районунда 6 жашар өгөй баласын сабаган атанын иши сотко өттү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 6 жашар бала катуу сабалганы кабарланган. Анда баланын апасы күйөөсүнө карата тиешелүү чара колдонууну өтүнүп, милиция кызматкерлерине кайрылган.
Ал эми 23-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматы 6 жашар баланы аёосуз сабаганга шектелген жаран кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген. Ал эми райондук сот жаранды үй камагына чыгарган.