У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


6 жаштагы баланы сабаган өгөй ата изделүүдө…


6 жаштагы баланы сабап салган өгөй атаны милиция издөөдө. Бул тууралуу Чүй облусунун ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 18-ноябрда Сокулук районунун 25 жаштагы А. Э аттуу тургуну милицияга кайрылып, 6 жаштагы баласын себепсиз сабаганы үчүн күйөөсү Б. А га, чара көрүүнү суранган.
 
Анын айтканына караганда, 18-ноябрга караган түнү саат 24:00дө күйөөсү алты жашар баласын себепсиз сабап салган. Баланы сабаган жаран 33 жашта, ал баланын өгөй атасы болот. Ошол күнү ал ичимдик ичип, мас абалында болгон. 
 
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийешелүү экспертизалар дайындалып, учурда баланын өгөй атасын кармоо чаралары көрүлүүдө. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter