У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өгөй атасы тарабынан сабалган 6 жаштагы баладан апасы баш тартты

 
Өгөй атасы тарабынан сабалган 6 жаштагы баладан апасы баш тартты. Бул тууралуу 24. кg маалымат агенттигине жактоочу Шердор Абдыкадыров билдирген. 
 
Анын айтканына караганда апасы баш тарткан Рамзанды эми чоӊ апасы багат. 
 
 «Рамазанга эч кандай коркунуч жок. Кайрымдуу адамдар азыркыга чейин келип жатышат, ошондой эле азык-түлүк, оюнчуктарды жөнөтүшүүдө. Баарына ырахмат айтабыз. Кыргыз элинин арты менен ушул жакшылыктар болду. Кудай буюрса, эми Рамазанда бардыгы жакшы болот»,-деди жактоочу.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бала жана үй-бүлөгө социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Мира Шарапова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине баланын энеси баладан баш тартпаганын, уулун өзүнүн апасына убактылуу карап турууга гана бергенин айтты. 

 Эскерте кетсек, 18-ноябрь күнү Бишкектин Октябрь райондук милициясына Сокулук районунун 25 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кайрылган. Ал 17синен 18-ноябрга караган түнү болжол менен саат 00:00дө 33 жаштагы А.Б. аттуу күйөөсү 6 жаштагы уулун сабап салганын билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган.
 
Бул факт Октябрь райондук милициясында Жоруктар тууралуу кодекстин 75-беренеси боюнча каттоого алынып, андан кийин иштин материалдары Сокулук райондук милициясына өткөрүлүп берилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter