Элчилик: Метродо төрөгөн келин баласынан баш тартпайт
- 14.12.2020, 15:25,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында Орусиянын Москва шаарында метродо көз жарган келин баласынан баш тартпайт. Бул туурасында келиндин туугандары айтканын Кыргыз өлкөсүнүн Москвадагы элчилигинин басма сөз катчысы
Алмаш Алтымышева билдирди.
"Элчиликтин юристи 11-декабрь күнү 29 жаштагы келин менен анын баласынын абалын билүү үчүн алар жаткан №29 шаардык клиникалык ооруканасына барып келди. Аталган оорукананын дарыгерлери эне, баланын абалы канааттандырарлык экендигин айтышкан. Келин баласын таштайт деген маалыматты анын туугандары четке кагышты. Азыр алар биздин жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. Кошумча дагы маалыматтар болсо айтабыз", - деди
Алтымышева.