У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлзат Мамытбек "Москвадагы кыргыздары чыгарып кеткиле" деп ыйлап кайрылуу жасагандан кийин, катуу сынга кабылды


Өзүн дүйнө шыктандыруучусу атап жүргөн блогер Гүлзат Мамытбек мындан бир аз күн мурда Москвадагы кыргыздар чыга албай калды, алып кеткиле деп ыйлап кайрылуу жасаган. Ал эгер орус бийлик төбөлдөрү менен кыргыз бийлик өкүлдөрү сүйлөшпөсө өзү сүйлөшө тургандагын айткан.

"Кыргызым, космосум, менин жүзүмдөгү күлкү жоголуп кетти. Москвада кыргыздарды чыгарып кетчү бирөө барбы? Күн сайын мага боюнда бар аялдар, жардам сураган жарандар жазышат. Мен кадай айла кылаарымды билбей жатам. Жылына канчалаган акча салган эмгекчил мигранттар талаада калды, ишинен айрылды. Кыргыздарды чыгарып кетчү агаларым барбы?Аскар Салымбеков атам кайдасыз? Кыргыздын чыгаан уулдары барбы? Силер сүйлөшпөсөңөр мына мен сүйлөшөм Путин менен" деп, мигранттардын абалы оор экенин айткан.

Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары Мамытбектин кайрылуусуна кыжырланып да, мактап да бүтө албай жаткан учуру. Алардын арасында мактоодон да сындагандары көбүрөөк. Фейбук колдонуучуларынын бири: "Гулзат, сен жооп бергидей Москвага кыргыздарды бакканга келген эмессиң. Ар бир кыргыз өзүн өзү бакканга кудурети жетет кудайга шүгүр. Ачка калып, көчөдө калгандар жок. Батирде  чогуу-чаран кеңири ичип жеп эле отурабыз. Демөөрчүлөр жардамга, тамак ашка муктаждарга жардам берип жатышат. Акчалай, азык-түлүк түрүндө, керек болсо ооз ачарга бышкан тамактарды ар метродо таратып жатышат. Кээ бир орус кожоюндар батир акысын алышкан жок. Бир үй-бүлөдөн бирден адам иштеп жатышат. Ушунчасына шүгүр! Көбү кетип азы калды, оорудан сырткары болсок жеңебиз кыйынчылыкты. Карантин башталганда эмне кылышыбызды билбей, вирус жөнүндө  уккубуз келбей, үйдө камалып отуруп калганыбызда "вирус жок" деп дүкөндөн дүкөн кыдырып "тик токто" жүрдүң эле. Акыбалың ушул экен го. Москвадагы кыргыздарды уят кылмай болдуң" деп жазат...

Чынында бул жугуштуу илдет жаңыдан тарап жатканда дүйнө шыктандыруучусу элди ишенбөөгө чакырып, бул бир болбогон саясат деген чакырык таштап келген. 

Ал эми КР Тышкы иштер министрлиги мигранттарды ар кандай чакырыктарга, жеке пиарды көздөгөндөргө ишенбөөгө чакырып, андай адамдар эки мамлекеттин достук алакасына доо кетирээрин эскерткен. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter