Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда былтыркыга караганда быйыл эт көп өндүрүлүп жатат.
Буга ири мүйүздүү малдын, жылкылардын жана канаттуулардын башынын көбөйүшү себеп болгон.
"2019-жылы бардык категориялардагы чарбалар тарабынан 226 миң тонна эт өндүрүлгөн. Бул мурунку жылга караганда 2,2 пайызга, ал эми 2015-жылга салыштырмалуу 8,6 пайызга көп", — деп айтылат билдирүүдө.
Мунун 49,3 пайызы — уйдун, 29,3 пайызы — койдун, 10,9 пайызы — жылкынын, 6,2 пайызы — чочконун, 4,2 пайызы – канаттуунун этине туура келсе, 0,1 пайызы – коёндун эти.