У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстанда куш тумоосу катталды…


Казакстандын түндүк облусунда куш тумоосу катталды. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянып,Tengrinews.kz. жазды.
 
Маалыматка ылайык, Түндүк Казакстан облусунун жети:Тимирязев, Тайиншинск, Жамбыл, Кызылжар, Шал акын, Габит Мусрепов атындагы, Магжан Жумабаев атындагы райондорунда  9-16-сентябрь аралыгында канаттуулардын өлгөндүгү катталган. Аларды адистер текшергенде, өлгөн канатуулардан үлгүлөрүнөн куш тумоосу аныкталган. 
 
Адистер канаттуулардын өлүмүнө жогорку патогендүү куш тумоосу себеп болгонун аныктагандан кийин, кабыл алынган эрежелерге ылайык, Казакстан эпидемиянын башталышы жөнүндө Дүйнөлүк жаныбарлардын ден-соолугу боюнча уюмуна билдирген. 
 
Учурда Түндүк Казакстан облусунда куш тумоосунун жайылышына каршы чаралар көрүлүүдө: аймактар дезинфекцияланат, вакциналар алынып келинет, өлгөн канаттуулардын эттери жок кылынат. Канаттуулардын эттерин экспорттоого тыюу салынды.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter