У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жумаканов 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталып, УКМК тарабынан кармалды


Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгына караганда, ири мүйүздүү малга бруцеллезго каршы вакцина алуу боюнча бир гана фактыда мамлекетке 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталып, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов жана жетекчилик кызматтагы бир нече киши кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мамлекеттик инспекциядагы коррупциялык схеманы аныкташкан. Анда ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон.
 
"Аталган инспекциянын айрым кызматкерлери мамлекет үчүн пайдасыз келишимдерди түзгөн. Тагыраагы, малдын саны көбөйтүлүп жана препараттар кымбатыраак баада көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге башка компаниялардын катышуусуна тоскоолдук кылынган", — деп айтылат билдирүүдө.
 

Тергөө иштеринин алкагында УКМКнын төргөө абагынын убактылуу кармоо жайына инспекция жетекчиси Калысбек Жумаканов, башкармалык жетекчиси, бөлүм башчысы жана лаборатория жетекчиси киргизилгени кошумчаланды.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter