У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус жылкыга жукпайт. Ысык-Көлдө жылкыларга бул илдет жукту деген маалымат жалган


Социалдык тармактарда жылкылардын жөткүрүп ооруп жаткан видеосу тарап, коронавирус жуккан окшойт деген божомолдор айтылып жаткан. Аталган маалымат боюнча Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов үн катты.

Анын айтымында  Ысык-Көлдө жылкыларга коронавирус жукту деген маалымат жалган, бул илдет жылкыга жукпайт. Түп жана Тоң райондору боюнча жалпысынан төрт жылкынын анализи лабораториялык текшерүүдөн өтүп, грипп жана ринопневмония деген ылаңдар табылды.

Кыргызстанда жылкынын 70-90% адатта адам ооругандай эле грипп менен ооруп, айыгып кетет. Жөткүрөт. Айыккандан кийин канында антителолор калат. Төрт жылкыны изилдедик, бирөөнөн грипп, калгандарынан ринопневмония табылды. Эч кандай коронавирус жок. Коронавируска жакыныраак вирустук артрит деген оору болот. Ага да текшерттик, анализдери таза чыкты” дейт Жумаканов.

Негизи жылкылар ринопневмониядан өлбөй турганын, бул ылаңдын вакцинасы базарда бар экенин, бирок малчылардын көбү аны сатып албай, эмдебей жүргөнүн маалымат булактарынын бирине берген маегинде кошумчалаган. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter