Коронавирус мектеп жашындагы балдар арасында көп каттала баштады
- 08.12.2020, 14:46,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Коронавирус илдети мектеп жашындагы балдар арасында көп катталып жатканы айтылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Маалыматка ылайык, сентябрь айында 7 жаштан 17 жашка чейинки балдардын арасында 48 гана учур катталган, октябрь айында 315 учур 6,5 эсеге көбөйгөн. 1-декабрга карата 320 учур катталды. Мектепке баруу менен байланышкан бир дагы учур катталган эмес, бардык учурлар үй шартындагы абалга байланыштуу болгон.