"Мектептен жугузган жок". Окуучулар арасында коронавирус жугузгандар октябрь айында 6 жарым эсеге жогорулаган
- 17.11.2020, 12:51,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мектеп жашындагы балдар арасында COVID-19 катталган учурлар октябрь айында 6 жарым эсеге жогору болду. Мындай маалымат менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырды.
"Сентябрь айында 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар арасында ооруну жуктургандардын жалпы саны 48 болсо, октябрь айында 6,5 эсеге жогору болуп, 315 учур катталган. 16-ноябрга карата 157 учур аныкталды. Алардын арасында мектептен жугузуп алган учурлар жок, бардыгы үй-бүлө мүчөлөрүнөн жуктурушкан", - деди министр.