Коронавирус жуктуруп алган мектеп окуучуларынын саны 683гө жетти
- 02.12.2020, 13:05,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2020-жылдын 1-декабрындагы маалыматы боюнча, акыркы үч айда 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп жашындагы балдар арасында 683 коронавирус жуктуруп алган учур катталган.
Маалыматка ылайык, сентябрь айында республика боюнча 48, октябрда - 315, ноябрда - 320 учур катталган.
Оорулардын көпчүлүгү Бишкек шаарында катталса, октябрь айында 83 учур, ноябрда – 143 учур катталган. Саны боюнча эң көп катталгандар кийинки орунда Чүй жана Ысык-Көл облустары турат. Баарынан аз катталгандар Нарында.
Ноябрь айындагы маалыматтар:
Бишкек - 143
Баткен - 32
Ош - 4
Ош областы - 9
Жалал-Абад облусу - 31
Талас областы - 8
Ысык-Көл облусу - 39
Нарын облусу - 0
Чүй облусу - 54
Бардыгы: 320