Чыңгыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси болуудан баш тартты
- 02.12.2020, 09:20,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чыңыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 22-октябрда, ошол учурда убактылуу президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровго президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.