Чыӊгыз Айдарбеков президенттин кеӊешчиси болуп дайындалды
- 22.10.2020, 19:19,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мурдагы Тышкы иштер министри Чыӊгыз Айдарбек Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.
Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды эске алуу менен кабыл алынды.