Свердлов райондук соту Аламедин райондук сотунун мурдагы судьясы Эмилбек Мамытовду камакка алганын 24.kg маалымат агенттиги маалымдады. Экс-судьянын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, СИЗО-1ге камалган.
Экс-судья Эмилбек Мамытов боюнча УКМК ишти кылдат тергеп, 204-статья (Алдамчылык), 359-статьясы (документтерди жасоо) боюнча айып тагып, Башкы прокуратура ишти сотко жиберген болчу. Натыйжада, Бишкек шаардык Свердлов райондук соту экс-судья Мамытовго байланышкан кылмыш ишин өндүрүшкө алып карап жаткан.
Экс-судья Эмилбек Мамытовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, СИЗО-1ге камалышы анын соттук процессти созуп, үзгүлтүккө учуратууга таасир этүүгө аракет кылганы себеп болгон. Башкача айтканда, сотко бирде Эмилбек Мамытовдун, бирде экс-судья менен шектүү катары суралып жаткан нотариус Кожомкулованын адвокаты келбей, кээде экөөнүн тең адвокаттары сотко келишпей, адвокаттары келсе, Мамытов ооруп жатам деп келбей оюн кылышкан. Мындай оюндун арты менен Мамытов соттук процессти өз көзөмөлүнө алууга кызыкдар болгон. Натыйжада, сот мамлекеттик адвокатты сунуштаган. Бирок Мамытов баш тарткан. Айтор Мамытов сот процессин атайлап созуунун амалын көргөн. Дал ушундай ыкма менен тергөө иштерин 4 жылга созгон. Тактап айтканда, кылмыш ишин бирде Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан ИИМдин Тергөө башкармалыгына алдырып, андан кайра УКМКга өткөрүп убакыт созгон. Ошондой ыкманы сотто дагы колдонгусу келди. Ошентсе да сот ага жол берген жок.
Мына ушундан кийин соттун көптөгөн эскертүүлөрүнөн соң, Мамытовдун адвокаты Котик Наталья Михайловна баарын таштап, отпускага кетип калды. Бул жоругу менен сотту сыйлабастыгын, өзүнүнүн коргоп жаткан адамынын тагдыры ага баары бир экенин, ал түгүл мыйзамды да уруп ойнобой турганын айгинеледи.
Буга дейре маалымат каражаттарында экс-судья Эмилбек Мамытов кыргызстандык, россиялык, казакстандык ишкерлерди “алдап сызга отургузуп” кеткени боюнча бир топ макалалар жарыяланган. Анда экс-судья Мамытов үч өлкөнүн жарандары бирегеликте ачкан темир жол менен жүк ташуу, ал жүктү сактоо жана логистика менен алектенген компаниясына ишке кирип, кийин кайра аларды “алдап” компанияларына, “мүлктөрүнө” ээлик кылып алганы кенен айтылган.
Түшүнүктүү болуш үчүн окуянын маңызы тууралуу кыскача коомчулуктун эсине сала кетели. Кыргызстандык жаран ишкерликтеги өнөктөшү Казакстандын жараны экөө 2010-жылы «Транс Мониторинг Азия» аталышындагы логистика, жүк ташуу менен алектенген биргелешкен фирманы түптөшөт. Башкы директор кылып экс-судья Мамытов Эмилбек Насиповичти дайындашат. Ал кезде Эмилбек Мамытов ишиндеги кетирген каталык-кемчиликтери үчүн 2010-жылы кызматтан куулуп, ишсиз көчөдө жүргөн болот. Дал ошол иши жок, бош жүргөн Мамытовго ишкер өнөктөштөр 10 миң сом айлык коюп беришип, «Транс Мониторинг Азия» компаниясына башкы директор кылып алышкан.
Ал ортодо 2012-жылы кыргызстандык ишкер россиялык өнөктөшү менен биргеликте «Меридиан-Логистик» компаниясын түптөйт. Дал ушул «Меридиан-Логистик» ишканасынын Россиянын жаранына таандык 50 пайыздык үлүшүн Мамытов өзүнүн аяшы, жеке нотариус Кожомкулова Айгүл Эсенжановнанын жалган нотариалдык тастыктоосунун негизинде тартып алат.
Ошондой эле экс-судья Мамытов алдамчылык жолдор менен кыргызстандык, казакстандык жана россиялык ишкерлер биргелешип курган, Бишкекке, Осмонкул көчөсү 113 менен Никитина 2 дарегине салган 4 кабаттуу эки офистик имараттарын да тартып алган. Башкача айтканда, экс-судья Мамытов Осмонкул 113 дарегиндегини бир офисти жубайы Шаршенова Чолпон Төлөмүшовнага, ал эми Никитина 2 дарегиндеги офисти өзүнө каттатып алган. Бул офистердин азыркы базар баасы ар бири 1 миллион доллардан турат.
Мындай чуулгандуу окуянын тергөө иштери 3-4 жылга чейин созулуп, соттук териштирүүлөр айлап жүрдү. Бирок шибегени капка ката албаган сыңары, баары бир чындык акыры чыкмак. “Ак ийилгени менен сынбайт” деген ырас экен. Эми сот бир канча жылдан бери адилеттик таппай келе жаткан жабырлануучуларга экс-судья тарабынан тартылып алынган ишкерлердин мүлктөрүн мыйзам алкагында өздөрүнө кайтарып берет деп ишенели.
Арийне, бул чуулгандуу окуя тууралуу президентке да кайрылуулар жетип, кабардар болгон. Андыктан сот тармагына реалдуу реформа жүргүзүүнү талап кылып жаткан өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков инвесторлорго көлөкө түшүргөн бул иш боюнча калыс, акыйкат чечим чыгышына кызыкдар десек жарашат.