У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Талант Мамытов 8,5 миллион доллар кредитин мамлекетке кайтарбай жатабы?..


Жогорку Соттун баракчасына изилдөө жүргүзүп жатып, кабыл алынган соттук актылардан жана официалдуу булактардан Садыр Жапаровдун тарапташы, ЖКнын төрагасын көздөп жаткан Талант Мамытов туурасында кызыктуу маалымат таптым. 
 
Мамытов Талант Турдумаматович «Республика - Ата Журт» партиясынан депутат. Жогорку Кеӊеште ал Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча комитетин жетектейт. 
 
2009 -жылы 11-ноябрда Талант Мамытовдун атасы «Азия Универсал банкынан» 250 миӊ доллар кредит алат. Талант Мамытов атасына кепил болот. Ал кезде Мамытов Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун прокурору болуп иштеп турган. 
 
2010-жыл апрель революциясынан кийин «Азия Универсал банкы» банкрот болду деп табылып, банктагы акция мамлекетке өтөт. Талант Мамытовдун үй-бүлөсү, тагыраагы атасы банктан алган насыяны бүгүнкү күнгө чейин төлөбөй келет. Бул деген алар мамлекетке карыз дегенди түшүндүрөт. Анткени банктын акциялары мамлкеттин карамагына өткөн. Кепил болгон Талант Мамытов да насыяны төлөөгө жоопкер болот. 
 
2010-жылы Т. Мамытов «Ата – Журт» партиясынан депутат болуп шайланган. 2015 -жылы «Республика-Ата Журт» партиясынан депутат болуп шайланып келет. 
Талант Мамытов бүгүнүкү күнгө чейин банктын жетекчилиги жана соттор менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алган насыясын кайтарбай келет. 
 
Анткени анын азыркы жүргүзүп жаткан бизнеси, алган насыяга күрөөгө коюлган. Күрөөдө коюлган «Кыргызстан» соода комплекси Өзбекстандын чек арасында, Жалал -Абад облусуна караштуу, Ноокен районундагы Бүргөндү айылынын Турдалиев көчөсүндө жайгашкан. 
 
Насыянын келишими 11.11.2009 -жыл, Кочкор -Атадагы мамлекеттик нотариус № 3\2-322 катталган жана ошол эле жерде №178 реестрга мураска катырууга тыюу салынган деп катталган. 12.04. 2016-жылга карата алынган насыянын жалпы суммасы 8 592 581, 57 долларды түзөт. (8,5 миллиона доллар) Карапайым калык насыяны төгүү үчүн акыркы акчасын берет. Төлөй албай калса мүлкүнөн, жеринен, үйүнөн ажырайт. 
 
Т. Мамытов сатылма соттордун жардамы менен жоопкерчиликтен кутулгусу келет. Мыйзамсыз баюу жана мамлекеттен алган карызын төлөбөгөнү үчүн Мамытов люстрацияга кетиши керек. Ал атайын эле бул насыяны атасына каттатып, өзү жөн гана кепил болгон. 
 
Садыр Жапаров коррупция менен чындап күрөшсөңүз өз досуӊуздан баштаганыңыз оң. Мамытов мамлекеттен алган карызын төлөсүн. Болбосо сиздин жүргүзүп жаткан саясатыңызга эч ким ишенбейт.



 






PS: Бул маалымат Динара Самет аттуу жарандын фейсбук баракчасынан которулду... 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter