У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


5 баланын энеси. Бишкекте дагы бир аялды күйөөсү аёосуз сабады...


Бишкекте дагы бир аял үй-бүлөлүк зордук-зобулуктун курмандыгы болду. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова жарыялады. 

"5 баланын энесин күйөөсү аёосуз сабады. Ал ооруканага түштү. Убактылуу жашай турганга жана балдарынын кийим-кечесин камдоого каражат топтоого жардам керек" дейт ал.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы  билдиргендей, 20-сентябрда  А.А. аттуу жаран күйөөсү тарабынан сабалгандыгы тууралуу айтып, даттанган.  Аны 19-сентябрь күнү саат 21.30 чамасында Учкун кичи районундагы үйдүн жанында жолдошу мас абалында сабаган. 

Аталган факты боюнча кыдмыш иши козголуп,  "үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды жана бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү 40 жаштагы А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга жиберилди. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», - деп билдирди башкармалыктан.

 






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter