У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалал-Абадда күйөөсү аялын электр чубалгысы менен аёосуз сабаганы маалым болду


Кечээ, 25-августта Жалал-Абад облусунун Кербен шаарчасында күйөөсү аялын таанылгыс кылып сабап, ур-токмокко алган.  Бул тууралуу келиндин бир тууган эжеси Дамира Ызаева маалымат булактарына кабарлап, жабыркаган сиңдисинин сүрөттөрүн жиберди.

"Окуя кечээ болду. Күйөө балам үйүнө келип, сен башка жакка бардың деп үйүндөгүлөрдү кууп чыгыптыр. Андан кийин аялын чечиндирип, жылаңач абалда түнү бою электр чубалгысы менен сабаган. Анын кичинекей эмчектеги баласы бар, баланы уктатып кошунасыныкына качып чыккан. Бул биринчи жолкусу эмес, сиңдимдин азыркы тапта абалы орто. Ал сүйлөй албай жатат, ооздору шишиген, бет алды шишик, жамбаштары жарабайт, бүт көк ала. Күйөө бала кылдан кыйкым тапкыч, себепсиз сиңдимди сабай берет", - деп билдирди жабыркаган келиндин эжеси.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter